Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 14:56
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Президент: Пахтаны жөн гана сатпастан, аны кайра иштетүүнү камсыз кылышыбыз керек

10.09.2020 20:10
913
Президент: Пахтаны жөн гана сатпастан, аны кайра иштетүүнү камсыз кылышыбыз керек


«Биз азыр айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүүнү колдоого өзгөчө көңүл буруп жатабыз, узак мөөнөттүү жеңилдетилген насыялар дыйкандарга жеткиликтүү. Ошондуктан, муну менен катар биз пахтаны жөн гана сатпастан, аны толугу менен кайра иштетүүнү жана продукцияны өндүрүүнү камсыз кылышыбыз керек», — деп баса белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-сентябрда, Кара-Суу районундагы «Оомат Агро» өндүрүштүк жана үрөн кооперативинин ишмердиги менен таанышып жатып.

Мамлекет башчысы кооперативдин базасын жана пахта талаасын көрүп чыкты.

Жергиликтүү дыйкандар менен баарлашууда Сооронбай Жээнбеков алардын эмгегин ыраазычылык менен белгилеп, пахта өндүрүүнү көбөйтүү маселесине өзгөчө көңүл бурду.

Президент жеңил өнөр жайдын пландуу өнүгүшү жана аймактарда жаңы текстиль фабрикаларынын курулушу менен пахтага болгон суроо-талап жогорулай турганын баса белгиледи. Дыйкандар муну эске алуу менен ата мекендик жеңил өнөр жайынын муктаждыктарын жабуу үчүн эгилген пахтанын көлөмүн көбөйтүшү керек. Буга байланыштуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине жана жергиликтүү бийлик органдарына бул багытта максаттуу иштерди алып баруу сунушталды.

Мамлекет башчысы өз убагында Кара-Суу районунда пахта тармагында чоң потенциал болгонун айтып, дагы бир жолу каржы-насыялык мекемелердин, айрыкча «Айыл Банк» ААКсынын көңүлүн дыйкандарга колдоо көрсөтүү зарылдыгына бурду.

Жетекчи Рустам Тажибаев билдиргендей, кооператив жашылча-жемиш, бакча өсүмдүктөрүн, тамыры азык жана түймөк тамырлуу өсүмдүктөрүн өстүрөт. Ошондой эле пахта жана буудайдын жогорку сапаттуу үрөндөрүн өндүрүп, аны Кара-Суу районунун дыйкандарына жеткирет. Үрөнчүлүк кооперативине 121 гектар сугат жер бөлүнүп, ошондой эле ишмердүүлүгүн кеңейтүү үчүн «Айыл Банк» ААК тарабынан жеңилдетилген каражаттар бөлүнгөн.

Президент Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, аймактардагы айылдык товар өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында жеңилдетилген каражаттардын көлөмү мындан ары да көбөйөт. Анткени дыйкандарга жана айыл чарба кооперативдерине негизделген агрардык тармак ата мекендик экономиканын өтө маанилүү бөлүгү болуп саналат.

Эске салсак, негизги бөлүгү агрардык сектор болгон аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты катары аныкталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн