Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 14:27
USD
89.40
89.87
EUR
96.60
97.60
RUB
0.962
0.990

Президент Равшан Жээнбековго добуш берди. Жээнбековдун штабы эмне дейт?

30.11.2021 10:28
515
Президент Равшан Жээнбековго добуш берди. Жээнбековдун штабы эмне дейт?

Президент Садыр Жапаровдун абактагы саясатчы Равшан Жээнбековго добуш бергени тууралуу Жээнбековдун штабы комментарий берди. Бул тууралуу "Кактус.медиа" кабарлады.


Маалыматка ылайык, Равшан Жээнбековдун уулу президенттин бул чечимине ыраазычылык билдирген.


"Менин оюм боюнча, президент Садыр Жапаров добушун башка бирөөгө берсе таң каларлык болмок. Равшан Жээнбеков акыркы 15 жылдан бери өлкөдөгү эркиндик жана мыйзамдуулуук үчүн күрөшүп келет. Президент так ушундай добуш бергенине кубанычтабыз. Тилекке каршы, бул жөн гана сырткы көрүнүш. Чынында, президент Конституциянын гаранты катары талапкерге анын конституциялык укугун колдонууга мүмкүнчүлүк берген жок. Ал шайлоого толук кандуу катышып, шайлоочулар жана ЖМК менен жолугушуусуна уруксат бербей койду", - дейт Азат Равшан.


"Биз бул шайлоонун жыйынтыгын тааныбайбыз, анткени бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлгөн жок. Атамдын түрмөдө отурганына карабастан экинчи орунда экен. Шайлоочулар менен жолугушууга мүмкүнчүлүгү болбосо да жакшы натыйжа көрсөттү", - деп кошумчалады ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн