Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 06:45
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Президент Райимберди Дүйшенбиевди кабыл алды

30.01.2020 16:54
686
Президент Райимберди Дүйшенбиевди кабыл алды


 


Президент Сооронбай Жээнбеков 30-январда Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Райимберди Дуйшенбиевди кабыл алып, Куралдуу күчтөрдү модернизациялоо, алардын аскерий мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу, өлкөнүн коргонуу жөндөмүн бекемдөө боюнча сөз болду.

Райимберди Дуйшенбиев 2019-жылдагы иштердин жыйынтыктары жана 2020-жылга карата биринчи даражадагы милдеттер тууралуу президентке маалымат берип, жакынкы өнөктөш өлкөлөр менен аскерий жана аскерий-техникалык жаатта активдүү кызматташуулар жүрүп жатканы, Куралдуу күчтөрдү башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча иштердин аткарылгандыгы жана «Санарип Кыргызстан» Концепциясын ишке ашыруу алкагында «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасына кошулганын белгилеп кетти.

Райимберди Дуйшенбиев ошондой эле Кыргызстандын аймагына жаңы коронавирусту киргизбөө максатында өлкөнүн көзөмөлдөө өткөрүү пункттарында Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен тыгыз байланышта иштер жүрүп жатканын кошумчалады.

Мамлекет башчысы Аскерий адистердин даярдыгынын сапатын жакшыртуу, аскердик тартипти жогорулатуу жана Куралдуу күчтөрдүн жеке түзүмүндө укук бузуулардын алдын алуу боюнча комплекстүү чараларды көрүүгө көңүл бурду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн