Бугу 20, 2024
Убакыт: 20:48
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Президент көмөктөшүүгө келген россиялык дарыгерлердин делегациясын кабыл алды

24.07.2020 16:11
1047
Президент көмөктөшүүгө келген россиялык дарыгерлердин делегациясын кабыл алды


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-июлда Россия Федерациясынан Кыргызстанга келген медициналык топтун жетекчиси — Башкортостан Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов менен жолугушту.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууга ошондой эле Россия Федерациясынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко жана Россиянын Керектөөчүлөрдүн укуктарын жана адамдын бакубаттуулугун  коргоо жаатындагы көзөмөл боюнча федералдык кызматтын (Роспотребнадзор) Вирусология институтунун директорунун орун басары Наталья Пшеничная катышты.

Россиянын медиктер тобу өлкөгө 23-июлда Россиянын Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөтүүсүнүн алкагында келишкен.

Сооронбай Жээнбеков россиялык адистерге өлкөдөгү татаал мезгилде көмөк көрсөтүү максатында келгендери үчүн ыраазычылык билдирди.

Башкортостандын Саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги менен чогуу биргелешип аракет көрүүнүн тийиштүү планы иштелип чыккандыгын маалымдады.

Ал эки өлкө адистеринин жалпы аракети менен Кыргызстандагы илдетти жеңсе боло тургандыгына ишеним артарын билдирди.

Роспотребнадзордун Вирусология институтунун директорунун орун басары Наталья Пшеничная коронавирус дүйнөнүн бардык өлкөлөрү, анын ичинде саламаттык сактоо системасы өнүккөн өлкөлөр үчүн да олуттуу сыноо болуп жаткандыгын белгиледи.

Ал баса белгилегендей, россиялык адистер тарабынан Кыргызстандын медиктерине методикалык, практикалык жардам берилип, ошондой эле медицина мекемелерине консультативдик колдоо көрсөтүлөт.

Жолугушуунун жүрүшүндө россиялык адистердин тобу Кыргызстандын облустарындагы медициналык мекемелерге бөлүштүрүлгөндүгү айтылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн