Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 09:41
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Президент Россияга учуп кетти. Аны кимдер коштоп барат?

24.02.2021 10:36
1238
Президент Россияга учуп кетти. Аны кимдер коштоп барат?

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-февралда, биринчи чет элдик иш сапары менен Россия Федерациясына кетти. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат саясат бөлүмү билдирди.


Иш сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, өлкөлөрдүн өз ара натыйжалуу байланышын өнүктүрүү келечегин талкуулашат.


Ошондой эле иш сапардын жүрүшүндө Мамлекет башчысынын Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин, Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко жана Мамлекеттик Думанын Төрагасы Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушуулары пландаштырылган.


Мындан тышкары, Россиянын бизнес-коомчулугу, ошондой эле Россиядагы мекендештер жана студенттер менен жолугушуу күтүлүүдө.


Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамы:


— тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;


— Президенттин Аппаратынын Жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов;


— биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков;


— вице-премьер-министр — экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков;


— Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев;


— Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Гүлнара-Клара Самат;


— коргоо министри Таалайбек Өмүралиев;


— саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев;


— өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев;


— айыл, суу чарба жана аймактардын өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков;


— транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева;


— энергетика жана өнөржай министри Кубанычбек Турдубаев;


— Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Алмамбет Шыкмаматов;


— Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев;


— Бишкек шаарынын мэринин м. а. Бактыбек Кудайбергенов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн