Чын курандын 14, 2025
Убакыт: 14:49:15
USD
87.40
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.030
1.065

Президент С.Жээнбеков Нарын облусундагы дарыгерлерге колдоо көрсөттү

23.07.2020 17:50
1189
Президент С.Жээнбеков Нарын облусундагы дарыгерлерге колдоо көрсөттү


Бүгүн Нарын облусундагы дарыгерлерге колдоо катары президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан коргонуучу кийимдер, каражаттар жана дары-дармектер берилди.


Республикалык штабдын маалыматына караганда, бул каражаттарды өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов тапшырып, дары-дармектер бейтаптарга шыпаасын берип тезирээк сакайып кетүүсүн тилек кылды. 


Президент тарабынан даректелген 1400 даана коргонуучу кийимдер жана көз айнектер, ошондой эле "гепарин" препараттары комиссия тарабынан райондорго бөлүштүрүлуп берилмекчи.  


Буга чейин өкмөт тарабынан Нарын облусуна 1 реанимобилдик "тез жардам" автоунаасы, 50 кычкылтек концентратору жана 80 даана өпкөнүн сатурациясын өлчөй турган пульсоксиметр аппараттары берилген. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн