Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолуга элекмин. Бул тууралуу Садыр Жапаров 7-октябрдагы маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, 6-октябрда депутаттар аны өкмөт башчы кылып шайлашты. Ал эми учурда аны мыйзамсыз өкмөт башчы деп эсептеген Тилек Токтогазиев жана жаштар менен сүйлөшүүгө даяр экенин айтты.
"Президент С.Жээнбеков азыр кайда экенин билбейм. Аны менен сүйлөшкөн дагы жокмун. Менин оюмча ал өз каалоосу менен арыз жазып кызматынан кетиши керек. Эгер ал киши байланышка чыгып, жолугушам десе, мен жолукканга даярмын. Азыр ал кайда экенин билбейм", - деди С.Жапаров.
Ошондой эле, ал Раим Матраимов менен жолугушпаганын жана бул маалымат чындыкка дал келбегенин билдирди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн