Кулжа 17, 2024
Убакыт: 04:11
USD
87.10
88.00
EUR
93.70
94.70
RUB
0.955
1.000

Президент Садыр Жапаров Дубай шаарына келди

12.02.2024 16:59
166
Президент Садыр Жапаров Дубай шаарына келди


Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-февралда, иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарына келди.

Мамлекет башчынын борту “Аль-Мактум” эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду БАЭнин билим берүү министри Ахмад Белхул Аль-Фаласи тосуп алды.

Эскерте кетсек, мамлекет башчысы Бириккен Араб Эмираттарынын президенти шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайяндын чакыруусу менен Дубай шаарында өтө турган Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитине катышат.

Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров БАЭнин жетекчилиги жана эмираттык компаниялардын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулайт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн