Жетинин айы 02, 2025
Убакыт: 17:27
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.075
1.110

Президент Садыр Жапаров Дубайда бир катар жолугушууларды өткөрдү

02.12.2023 09:16
480
Президент Садыр Жапаров Дубайда бир катар жолугушууларды өткөрдү


Президент Садыр Жапаров бүгүн убай шаарында (Бириккен Араб Эмираттары) климат боюнча иш-аракеттердин Бүткүл дүйнөлүк саммитинин аянтчасында бир катар өлкөлөрдүн жетекчилери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Мамлекет башчысы Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Словениянын президенти Наташа Пирц-Мусар жана Пакистандын премьер-министринин милдетин аткаруучу Анвар-уль-Хак Какар менен жолугушту.

Эскерте кетсек, бүгүн Дубай шаарында БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө COP28 - Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын конференциясынын 28-сессиясынын алкагында уюштурулган климат боюнча иш-аракеттердин Бүткүл дүйнөлүк саммитинин ачылыш аземи болуп өттү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн