Бештин айы 12, 2024
Убакыт: 05:29
USD
86.65
87.15
EUR
91.00
92.00
RUB
0.790
0.870

Президент Садыр Жапаров Караколдогу жаңыланган аскер бөлүгүнө барды

10.12.2024 16:54
47
Президент Садыр Жапаров Караколдогу жаңыланган аскер бөлүгүнө барды


Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-декабрда, Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын жүрүшүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын Байсары уулу Кыдыр аке атындагы жаңыланган №2028 аскер бөлүгүнө барды.

Аскер бөлүктө бардык имараттарды, анын ичинде административдик корпустарды жана турак жайларды капиталдык реконструкциялоо боюнча иштер аяктаган. Мамлекет башчысы аскер кызматкерлеринин алдында сөз сүйлөп жатып, бул жерге ушул жылдын жаз айында келип, оңдоп-түзөө иштерин баштоого тапшырма бергенин эске салды.

Садыр Жапаров 1962-жылы түптөлгөн бул аскер бөлүктө бүгүнкү күнгө чейин оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөй, имараттар эскирип, чатырларынан суу өтүп, кейиштүү абалга келгенин көргөндө, көңүлү чөгүп, намыстанып кеткенин айтып берди.

“Дароо барып, аскер бөлүктүн инфратүзүмүн: штабы, окуу борбору, окуу корпусу, казармасы, көзөмөл өткөрүү жайы, унаа паркы жана башка бардык имараттарын капиталдык оңдөп-түзөөдөн өткөрүүгө буйрук бергем. Мына бүгүн мамлекеттик чек арабыздын 676 километрин түзгөн тилкесин кайтарган аскер бөлүк жаркыраган жаңыланган абалга келип олтурат”, - деди президент.

Ал мамлекет тарабынан чек ара коопсуздугун чыңдоого артыкчылык берилип, ар тараптан колдоо менен чоң көңүл бурулуп жатканына токтолду. Президент чек арачылардын социалдык абалын, турак-жайын жакшыртуу жана башка курулуш иштерине 1 млрд 240 млн сомдон ашык акча каражаты бөлүнгөнүн баса белгиледи.

"Кытай Эл Республикасы менен “Бедел” көзөмөл өткөрүү пункту жаңы курулуп, ишке берилди. Эртең чек арачылардын кызмат өтөөсүнө заманбап шарттар түзүлгөн эл аралык “Каракол” аэропорту ачылып, ишке берилет”, - деген Садыр Жапаров мунун баары мамлекеттик чек аранын, элдин тынчтыгын камсыздоого ант берип, ыйык кесипти аркалап келаткан чек арачыларга жүктөлгөн тапшырмаларды так аткаруусу үчүн түзүлүп жаткан шарттар болуп саналарын кошумчалады.

Мамлекет башчысы чек арада кылмыштарга жана укук бузууларга жол бербей, алдын алуу иштерин жүргүзүп, чек арачылар жөнүндө жергиликтүү элдин, сырттан келген меймандардын жакшы ой-пикирин калыптандырып, бекитилген аймактагы кызматты так жана таза аткарууга чакырды.

Бүгүнкү саамалыктын урматына президент 51 млн сомдон ашкан акча каражатына алынган 30 даана “JAC” маркасындагы жол тандабас жаңы авто унааларын тапшырды. Буга чейин биринчи жарым жылдыкта жалпы наркы 43 млн сомдон ашкан 25 даана ушул эле маркадагы жол тандабас берилген.

Садыр Жапаров чек аранын бек корголушу үчүн мамлекет мындан ары дагы Чек ара кызматын ар тараптан колдоону уланта турганын баса белгиледи.

Ал жакка барганында президент Садыр Жапаров жаңыланган бөлүктүн инфраструктурасы менен таанышып, капиталдык оңдоодон өткөн имараттарды, аскер кызматкерлеринин жашоо шарттарын, ошондой эле материалдык-техникалык базасын көрүп чыкты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн