Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 10:58
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Президент Садыр Жапаров Москвада Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар койду

25.02.2021 19:03
914
Президент Садыр Жапаров Москвада Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда, Россия Федерациясына болгон эки күндүк иш сапарын жыйынтыктап, Москва шаарындагы Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат саясат бөлүмү билдирди.


Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго 1 мүнөт эскерүү менен таазим кылды, андан соң оркестр Кыргыз Республикасынын гимнин жаңыртты.


Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын мүчөлөрү дагы Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүл коюшту.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн