Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 05:12
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Президент ​Садыр Жапаров Си Цзиньпин менен телефон аркылуу сүйлөштү

22.02.2021 19:22
840
Президент ​Садыр Жапаров Си Цзиньпин менен телефон аркылуу сүйлөштү


Бүгүн, 22-февралда Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.


Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө  эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, анын ичинде соода-экономикалык жактан өз ара аракеттешүүнү кеңейтүү боюнча мындан аркы кадамдарды, ошондой эле коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча биргелешкен чараларды талкуулашты.


Садыр Жапаров Си Цзиньпинди ай календары боюнча өтүп кеткен Жаз майрамы менен куттуктады. Ал кытай тарапка ар тараптуу колдоосу үчүн, анын ичинде КЭР Өкмөтүнүн Кыргызстан элине коронавирус инфекциясына каршы вакцина берүү боюнча чечимине ыраазычылык билдирди.


Өз кезегинде Си Цзиньпин Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына расмий киришүүсү менен дагы бир жолу куттуктады жана Кытайга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн