Чын курандын 07, 2025
Убакыт: 12:02
USD
86.60
87.10
EUR
94.70
95.70
RUB
1.005
1.045

Президент Садыр Жапаров Татарстанга келди

20.02.2024 21:54
324
Президент Садыр Жапаров Татарстанга келди


Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-февралда, Россия Федерациясына иш сапарынын алкагында Татарстанга келди.

Мамлекет башчысынын борту Казань шаарындагы Г.Тукай атындагы эл аралык аэропортуна конду. Садыр Жапаровду Татарстандын башчысы Рустам Минниханов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Эске сала кетсек, Садыр Жапаров «Келечек оюндары» эл аралык спорттук мелдештеринин расмий ачылыш аземине катышат.

Чет мамлекеттердин бир катар башчыларынын, көрүнүктүү эл аралык жана коомдук ишмерлердин, ири IT компаниялардын жетекчилеринин катышуусу күтүлүүдө.

Мындан тышкары иш-чаранын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Россиянын президенти Владимир Путин жана Татарстандын башчысы Рустам Минниханов менен эки тараптуу жолугушуулары өтөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн