Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-июлда, Ысык-Көл облусуна барат.
Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, өлкө башчысы «Каракол — КМШнун 2022-жылдагы маданий борбору» эл аралык программасынын расмий ачылышына катышат.
Иш-чара УТРК жана республикалык телеканалдардын түз эфиринде чагылдырылат.
Түз эфир 21:00дө башталат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн