Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-февралда, Коомдук телерадиоберүү корпорациясына коомчулук арасында талкууланып жаткан актуалдуу маселелер боюнча маек курду. Бул тууралуу президенттик Аппараттын маалымат саясат бөлүмүнөн кабарлады.
“Мамлекет башчысы өзгөчө мурунку муфтий Максат ажы Токтомушев, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучуну дайындоонун айланасында түзүлгөн кырдаал, жаңы Баш мыйзамдын долбоорундагы Президенттин ыйгарым укуктары, тышкы миграцияга байланыштуу маселелерге жана негизги милдеттер менен биринчи жарлыктардын максаттары тууралуу маселелерге токтолду”, - деп айтылат аталган маалыматта.
Пикирлер (1)