Чын курандын 07, 2025
Убакыт: 18:11
USD
86.80
87.30
EUR
95.10
96.10
RUB
0.990
1.040

Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Сеулга жөнөп кетти

02.12.2024 10:30
104
Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Сеулга жөнөп кетти


Президент Садыр Жапаров, Корея Республикасынын президенти Юн Сок Ёлдун чакыруусу менен бүгүн, 2-декабрда, Сеул шаарына расмий сапар менен жөнөп кетти.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Кореянын президенти Юн Сок Ёль жана Улуттук ассамблеясынын спикери У Вон Шик менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган.

Тараптар кыргыз-корей эки тараптуу кызматташуусунун бүтүндөй комплексин жана аларды өнүктүрүү келечегин талкуулашат, ошондой эле регионалдык жана эл аралык мүнөздөгү маселелер боюнча пикир алмашат.

Сапардын жүрүшүндө Ассамблеянын президенти жана Глобалдык өсүү институтунун төрагасы, БУУнун мурдагы баш катчысы Пан Ги Мун менен жолугушуусу болот.

Мындан тышкары, мамлекет башчысы кореялык бизнес өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн