Бүгүн, 5-февралда Пекин шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Кытай төрагасы Си Цзиньпиндин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.
Президент Садыр Жапаров менен биринчи айым Айгүл Жапарованы Кытай төрагасы Си Цзиньпин жана анын жубайы Пэн Лиюань тосуп алды.
Өз ара саламдашуу жана биргелешип сүрөткө түшүүдөн кийин мамлекет башчылары жана алардын жубайларына делегациялардын мүчөлөрү тааныштырылды.
Андан кийин оркестрдин коштоосунда Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик гимндери жаңырды. Андан соң өлкөлөрдүн лидерлери Ардак кароол ротасынын командиринин рапортун кабыл алып, түзүмдү кыдырып өтүштү.
Салтанат аяктагандан кийин Садыр Жапаров жана Си Цзиньпин сүйлөшүүлөр залына өтүштү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн