Чын курандын 10, 2025
Убакыт: 03:37
USD
87.30
87.80
EUR
96.00
97.00
RUB
1.000
1.040

Президент Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапары аяктады

27.12.2023 09:10
647
Президент Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапары аяктады


Президент Садыр Жапаровдун 24-26-декабрда Санкт-Петербург шаарына (Россия Федерациясы) болгон иш сапары аяктады.

Мамлекет башчысы Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынына, ошондой эле Россия тарап жыл сайын демилгелеп келген Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) өлкөлөрүнүн лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышты.

Бейформал жолугушуунун алкагында президент Садыр Жапаров жана КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери "Павловск" коругуна, "Царское Село" жана Петергофко экскурсия менен барып, бейформал сый тамакка катышты.

Иш сапарын аяктап, мамлекет башчысы 27-декабрда эртең менен Бишкек шаарына кайтып келди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн