Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 02:42
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Президент Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстандын бардык аймактары таза суу менен камсыз болот

06.02.2020 18:16
679
Президент Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстандын бардык аймактары таза суу менен камсыз болот


«Кыргызстандын бардык аймактары таза суу менен камсыз болот», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-февралда, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда. Мамлекет башчысы акыркы жылдары 107 айыл таза суу менен камсыз болгонун белгиледи.


Эл-аралык финансылык институттардын каржылоосу аркылуу 588 айылга тизме түзүлгөнүн кошумчалады.


«2024-жылга чейин 715 айылда курулуш иштерин бүтүрүп, инфраструктураны жаңылоо зарыл. Көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде өлкөнүн бардык аймактары таза суу менен камсыз болот», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.


Белгилүү болгондой, калкты таза суу менен камсыздоо боюнча долбоорлорду ишке ашырууга республикалык бюджеттен жыл сайын финансылык каражаттар бөлүнүп, эл аралык өнөктөштөрдөн инвестиция тартуу боюнча жигердүү иштер аткарылууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн