Бугу 17, 2024
Убакыт: 11:02
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Президент: Стационарлар ишин жыйынтыктоого жакындап калды, жаңы ооруканалардын курулушу тездетилет

04.08.2020 16:00
899
Президент: Стационарлар ишин жыйынтыктоого жакындап калды, жаңы ооруканалардын курулушу тездетилет


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-августта Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүн капиталдык реконструкциялоонун жүрүшүн көрүп чыкты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы стационарлардын иштөө мөөнөтүн жыйынтыктоо жакындап калганын, жаңы ооруканаларды куруу жана реконструкциялоо тездетилерин белгиледи.

Аталган оорукана 1986-жылы курулгандан тартып жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имаратына капиталдык реконструкция жүргүзүлгөн эмес. Буга байланыштуу бүгүнкү күндө имараттын 15 койко-орундуу бир канаты гана иштейт. Капиталдык оңдоп-түзөө менен жугуштуу оорулар бөлүмүн 100 койко-орунга чейин кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк жаралат.

Сооронбай Жээнбеков медицина кызматкерлери менен баарлашып, коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдөгү көйгөйлөр гана эмес, саламаттык сактоо тутумундагы көйгөйлөрдү дагы кеңири талкуулады. Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн башчысы Сарбагыш Иманалиевдин каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

Медицина кызматкерлери мамлекеттин ооруканаларды куруу боюнча демилгесин колдоого алып, ошол эле маалда жаңы кадрлардын жетишсиздиги көйгөйүнө токтолуп, жаңы кызматкерлерди материалдык жана моралдык жактан колдобой туруп, аларды саламаттык сактоо тутумунда кармап калуу мүмкүн эместигин баса белгилешти.

Ошону менен бирге дарыгерлер коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча иштерди улантууга толугу менен даярдыгын билдиришти. Тилекке каршы, жоготуулар коштолгон азыркы кырдаалды «көрүнбөгөн жоо менен согуш» деп атап, ошол эле маалда бул илдетке каршы кыргызстандыктар туруштук берерине ишенерин айтышты.

Мамлекет башчысы дарыгерлердин кадр жетишсиздиги боюнча айткандары менен макул болуп, катардагы дарыгерлердин эмгегин жогору баалады. Коронавирус инфекциясы абалы көп жылдан берки начар башкаруунун жыйынтыгынан жана системанын кыйрашына алып келген реформалардан улам саламаттык сактоо системасынын бардык көйгөйлүү жерлерин ачыкка чыгарганын кошумчалады.

Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн бардык тармактарын жапырт санариптештирүү жүрүп жатканын, бул көмүскө экономикадагы каражаттарды мыйзамдаштырууга өбөлгө болоорун дагы бир жолу белгиледи.

«Бул каражаттар биринчи кезекте медицина кызматкерлеринин, мугалимдердин эмгек акыларын көтөрүүгө багытталат. Өткөн жылы айлык акылар көтөрүлдү, бирок түшүнүп турам, бул аз. 5 миң сом алган дарыгерлерден эмнени талап кыла алабыз? Бул көйгөй ар дайым менин көңүл борборумда, биздин медиктерибиз мамлекет тарабынан материалдык, моралдык жактан дагы колдоо ала тургандай баарын жасайбыз», - деп баса белгиледи президент.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн