Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 11:48
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.855
0.885

Президент “Сулайман-Тоонун” аймагындагы мыйзамсыз курулуштар боюнча пикир алышты

11.06.2020 08:47
2333
Президент “Сулайман-Тоонун” аймагындагы мыйзамсыз курулуштар боюнча пикир алышты


Ош шаарында кечээ, 10-июнда президент Сооронбай Жээнбеков “Интербилим” коомдук бирикмесинин түштүк өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиева менен жолугушту.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, анда соттук-укуктук реформанын, жер-жерлерде санарип трансформациясынын ишке ашырылышы, мыйзамсыз курулуштар, анын ичинде “Сулайман-Тоо” комплексинин аймагындагы маселелер жөнүндө пикир алышуу болду.

Гүлгаакы Мамасалиева үйлөрү түртүлүп кеткен жарандардын укуктарын коргоо маселесине көңүл бурду.

Ал өлкөдөгү реформаларды алга жылдыруу иши мамлекет башчысынын жеке көзөмөлүндө болушу керек деген оюн айтты.

Сооронбай Жээнбеков соттук-укуктук реформалардын, өлкөнү санариптештирүү, калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригация долбоорлорун ишке ашыруу артка кайткыс мүнөз алгандыгын жана анын жеке көзөмөлүндө экенин баса белгиледи.

Буга чейин белгиленгендей, айтылган маселелердин бардыгы ишке тартылган мамлекеттик органдар тарабынан эске алынат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн