Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 02:10
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Президент Султан Каримовго материалдык жардам көрсөттү

22.04.2021 14:05
680
Президент Султан Каримовго материалдык жардам көрсөттү

Бүгүн, 22-апрелде президенттин аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев президент Садыр Жапаровдун атынан белгилүү ырчы Султан Каримовго акчалай жардамды тапшырды.


Эске сала кетсек, эл артисти Султан Каримов кант диабетинин биринчи түрү менен катуу ооруп жүргөн.


Кудайберген Базарбаев менен маданият министри Кайрат Иманалиев ЖМК өкүлдөрү менен биргеликте артисттин үйүнө барып, акчалай жардамды тапшырышкан.


Кудайберген Базарбаев өз сөзүндө президент Садыр Жапаров ырчынын дарылануусу кандай жүрүп жаткандыгына көз салып, анын абалын ар дайым сурап турарын айтты.


«Президент коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына арналган иш-чаранын жүрүшүндө маданият өкүлдөрүнө тиешелүү деңгээлде көңүл бурулуп, аларды колдоо ураандардын жана сөздөрдүн деңгээлинде калбашы керектигин айткан. Бүгүн президенттин атынан Султан Каримовго бир жолку материалдык жардамды тапшыруудабыз Ал кыргыз эстрадасынын өнүгүүсү үчүн зор салым кошкон. Биз Султан Каримовдун тез сакайып кетишине ниет кылабыз», - деди Базарбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн