Бугу 19, 2024
Убакыт: 06:09
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Президент Тартип комиссиясынын төрайымы менен сот системасын талкуулады

15.05.2020 16:45
1176
Президент Тартип комиссиясынын төрайымы менен сот системасын талкуулады


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-майда Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын төрайымы Нургүл Бакированы кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Тартип комиссиясынын учурдагы ишмердүүлүгү, өлкөдөгү судьялардын аракеттерине (аракетсиздигине) карата кайрылуулар, кабыл алынган чечимдер, ошондой эле комиссиянын ишин жакшыртуу боюнча белгиленген пландар жөнүндө маалымат берилди.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө таза иштеген судьялар аз эмес экендигин, бирок ага карабастан айрым судьялар кынтыксыз болуу талаптарын бузган фактылар болуп жатканын белгиледи.

Мамлекет башчысы Тартип комиссиясынын судьялар корпусунун тазаланышында, жалпысынан сот системасына ишенимди бекемдөөдө өзгөчө ролуна токтолду.

Президент судьялардын аракеттерине карата түшүп жаткан жарандардын кайрылуулары боюнча талаптарды күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.

Тартип комиссиясынын ишиндеги бейтараптыкты жана анын ишмердүүлүгүн санариптештирүүнү камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурду.

Белгилей кетсек, «КР судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык мыйзамынын жана «Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө» мыйзамдын талаптарына ылайык, судьяларды жоопкерчиликке тартуу маселелери Тартип комиссиясынын кароосуна киргизилген.

2017-жылы бул комиссия Конституцияга ылайык түзүлгөн, көз карандысыз коллегиалдуу орган болуп саналат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн