Бугу 19, 2024
Убакыт: 01:07
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Президент: ЕАЭБ алкагында пандемияга каршы биргелешип иштөөгө тийишпиз

14.04.2020 15:49
908
Президент: ЕАЭБ алкагында пандемияга каршы биргелешип иштөөгө тийишпиз


Дал ушул мезгилде ЕАЭБ алкагында, биз бул пандемияга жана анын кесепеттерине биргелешип каршы туруу үчүн иш-аракеттерди бириктирүүгө тийишпиз, деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-апрелде Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңешинин  (ЖЕЭК) мүчөлөрүнүн видеоконференция форматындагы жумушчу жыйынында.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчысы коронавирус инфекциясынын жайылышынын шартында ЕАЭБдин алкагында биргелешкен күч-аракеттерди бириктирүүгө багытталган бир катар чараларды сунуш кылды.

Азыркыдай жалпы обочолонуу жана чек араларды жабууга мажбур болуу шарттарында гуманитардык жүктөрдү, биринчи зарылдыктагы азык-түлүк товарларын жана медициналык багыттагы продукцияны үзгүлтүксүз жеткирип турууга мүмкүндүк берүүчү өлкөлөрдүн ортосунда тийиштүү алгоритми бар «жашыл коридорлорду» уюштуруу зарылдыгын баса белгиледи. Өлкөлөр ортосунда эч кандай тоскоолдуксуз өткөрүлүп келе турган товарлардын тизмесин аныктоону сунуш кылды.

Ошондой эле бизнеске бюджеттик жана салыктык жактан дем берүүгө багытталган комплекстүү биргелешкен чараларды көрүү зарылдыгын баса белгиледи.

«Өлкөлөрүбүздүн экономикасы үчүн Евразия өнүгүү банкы менен Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү банкына өзгөчө маани берилиши керек. Азыркы шартта бул түзүмдөрдүн ишин кайрадан ориентация кылуу зарыл. Фонддун ишинин айрым принциптерин кайра карап чыгууга убакыт келди деп эсептейм. Кризис учурунда бюджеттик колдоо көрсөтүү үчүн бериле турган насыяларды кароо мөөнөттөрүн кыскартуу зарыл. Гранттык негизде каржылоонун үлүшү да көбөйтүлүшү керек», -  деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы Евразия өнүктүрүү банкы чакан жана орто бизнести колдоонун жаңы механизмдерин иштеп чыгууда маанилүү роль ойной алаарын кошумчалады.

Биринчи кезекте, банк алгачкы зарылдыктагы медициналык жана азык-түлүк продукциясын даярдоо боюнча ишканаларды ыкчам каржылоого тийиш экенин баса белгиледи. Өз ара колдоо көрсөтүү катары, аталган каржы институттарынын ресурстарын Биримдикке мүчө өлкөлөрдү айыл чарба продукциясы менен камсыздоо үчүн багыттоого даяр экендигин билдирди.

Мындан сырткары, Биримдикке мүчө өлкөлөрдүн экономикаларына зарыл болгон ресурстарды, анын ичинде чакан жана орто бизнеске жеңилдетилген насыя берүү, каржылоонун тийиштүү механизмдерин токтоосуз түрдө иштеп чыгып, аларды ишке ашырууну баштоо үчүн улуттук банктар менен каржы секторунун дараметин колдоого алуу маанилүү экенин билдирди.

Ошону менен бирге Сооронбай Жээнбеков жагдайга ыкчам жооп кайтаруу максатында Биримдиктин медициналык кызматтарынын биргелешкен ишмердигин уюштурууну сунуш кылды.

«Европа экономикалык комиссиясы тарабынан медициналык буюмдарды ташып кирүүгө болгон бажы төлөмдөрүн нөлгө теңөө боюнча чаралар көрүлүшү зарыл деп эсептейбиз. Ошондой эле Биримдикке мүчө өлкөлөрдүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого арналган социалдык маанидеги товарларга карата да ушундай эле чаралар көрүлүшү максатка ылайык жана өз убагында аткарылган милдет болуп калмак», - деп баса белгиледи президент.

Сооронбай Жээнбеков көп сандаган жарандар ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн аймагында жашап-иштеп келе жатканын жана пандемия шартында алардын оор турмуштук жагдайларга дуушар болгондору да жок эмес экенин белгиледи. Ал бүгүнкүдөй кыйын мезгилде ЕАЭБдин бардык жарандары үчүн социалдык жана медициналык колдоонун бирдиктүү механизмин кабыл алууну сунуштады.

Мамлекет башчысы Кыргызстанда бул илдеттин андан ары жайылып кетишине бөгөт коюу боюнча бардык зарыл болгон чаралар көрүлүп жаткандыгын кошумчалады. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн