Бугу 16, 2024
Убакыт: 10:48
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Президент: Врачтардын кесипкөйлүгү менен кайраттуулугуна ишенем

08.07.2020 17:16
1116
Президент: Врачтардын кесипкөйлүгү менен кайраттуулугуна ишенем


Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-июлда Бишкек шаарындагы күндүзгү стационарлар менен таанышуу учурунда саламаттыкты сактоо системасындагы көйгөйлөр баарына эле белгилүү экенин, саламаттыкты сактоонун абалы жөнүндө маселе Коопсуздук кеңешинин кароосуна даярдалып жатканын белгиледи.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, түзүлгөн кырдаалга байланыштуу ал маселе кийинчерээк каралат. Ошону менен бирге президент кандай гана кырдаал болбосун саламаттыкты сактоо системасын санариптештирүү процесси токтоп калбастыгын жана жеке көзөмөлүндө экендигин кошумчалады.

Сооронбай Жээнбеков саламаттыкты сактоо тармагын санариптештирүүнүн адам факторун жоюуда, жарандарга сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүдө жана акчаларды көмүскөдөн чыгарууга, натыйжада медиктердин айлык акысын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзүүдөгү маанисин дагы бир жолу белгиледи. 

Мамлекет башчысы баарлашууда дарыгерлерге өз жанын аябай, жасап жаткан эмгеги үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдирди.

«Мен өлкөбүздүн бардык жарандарындай эле биздин врачтардын кесипкөйлүгү менен кайраттуулугуна ишенем. Өз ден соолугуңарга коркунуч келип турганына карабастан, сиздер мекендештердин саламаттыгы үчүн иштеп жатасыздар. Мен силердин көзүңөрдөн чарчап-чаалыгуу, коркууну эмес, жалынды, мээримдүүлүктү жана ишенимди, элге жардам берейин деген каалоону көрүп турам. Бул мага дем берет. Биз баарыбыз биримдикте кыйынчылыктарды жеңерибизге ишенем», — деп ыраазычылык менен белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн