Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 04:20
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Президент Жалал-Абад облустук ооруканасынын курулушу менен таанышты

13.08.2020 13:59
1817
Президент Жалал-Абад облустук ооруканасынын курулушу менен таанышты

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-августта, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында медициналык объектилердин ишмердиги менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, мамлекет башчысы Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын курулуш иштеринин жүрүшүн көрүп чыкты.Учурда бул жерде эки кабаттуу 100 орундуу жаңы имарат курулуп жатат.


Ошондой эле президент Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын Германия өкмөтүнүн көмөгү менен курулуп, жабдылган тез жардам бөлүмүнүн жаңы имаратын көрүп чыкты.


Оорукананын директору Кумар Ботокараевдин маалыматына ылайык, тез жардам бөлүмүнүн жаңы имараты кийинки жумадан тартып толугу менен иштеп баштайт.


«Коронавирус инфекциясынын келип чыгышы ооруканалардын жана медициналык кызматкерлердин жетишсиздиги көйгөйүн ачыкка чыгарды», — деди өлкө башчы. 


Ал ошондой эле калк ар тараптуу медициналык кызматтарды ала турчу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптеринин негизинде жаңы типтеги ооруканалар курула турганын белгиледи.


«Биз дарыгерлердин айлык маянасын жогорулатуу жана социалдык абалын жакшыртуу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Бул иште биз калкка мамлекеттик кызмат көрсөткөн бардык тармактарды, анын ичинде саламаттыкты сактоо тармагын дагы санариптештирүү жолу аркылуу жетишилген натыйжаларга таянабыз. Бул чаралар көмүскө экономиканы азайтуу, өлкө бюджетине каражаттардын келип түшүүсүн жогорулатуу максатында кабыл алынат. Аталган каражаттарды социалдык тармактын кызматкерлеринин айлык акысын көтөрүүгө багыттайбыз», — деди Сооронбай Жээнбеков.


Президент дагы бир ирет санариптештирүүнүн маанисин белгилеп, оорукананын жетекчилигин аны калкка медициналык кызмат көрсөтүүдө ыкчам тартипте ишке киргизүүгө чакырды.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн