Кулжа 29, 2024
Убакыт: 03:13
USD
86.20
87.10
EUR
92.10
93.10
RUB
0.960
1.040

Президент Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону дайындоо жарлыгына кол койду

03.07.2020 09:27
1233
Президент Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону дайындоо жарлыгына кол койду


Президент Сооронбай Жээнбеков «КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Конституциянын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктун жана «КР Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 59-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, токтом кылды.

Ага ылайык, жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына, жекшембиге дайындалат.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоону өткөрүүнү КР мыйзамдарына ылайык уюштурат.

Кыргыз Өкмөтү:

— шайлоону өткөрүү үчүн зарыл болгон финансы каражаттарын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бекиткен чыгымдардын сметасына ылайык бөлүп берет;

— шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жарандардын ден соолугун, укук тартибин жана коомдук коопсуздукту сактоо, анын ичинде шайлоо комиссияларынын жайларын жана добуш берүү үчүн жайларды кайтарууну, алардын өрт коопсуздугун, шайлоо документтерин ташыган транспорт каражаттарын коштоону жана кайтарууну камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрсөтөт.

— шайлоо процессинде колдонулуучу маалыматтык электрондук системалардын киберкоопсуздугун, ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүнүн системасы аркылуу маалыматтарды алмашууну камсыз кылууда, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген маалыматтарды берүү процесстерин жүргүзүү үчүн байланыштын үзгүлтүксүз жана коопсуз каналдары менен камсыз кылууда, шайлоочулардын тизмесин түзүүдө жана аны Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде актуалдаштырууда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына көмөк көрсөтөт.

Башкы прокуратурасы шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө Конституциянын жана мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылат.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, Бишкек жана Ош шарларынын мэрлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын жетекчилери шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмелерин түзүү, тактоо, уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечүү боюнча тиешелүү органдардын жана шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтөт.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн