Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 18:47
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

“Президент ак илбирсти улуттук символ катары таанып, туризмге жол ачты”

09.01.2024 10:35
3739
“Президент ак илбирсти улуттук символ катары таанып, туризмге жол ачты”


- Өлкөбүздөгү тоо туризми кандай деңгээлде өнүгүп атат? Бул тармак боюнча идея, сунушуңуз барбы?


Кеңешбай Тайлаков, монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын экс-төрагасы:


- Кыргызстанда туризм тармагын өнүктүрүү үчүн баардык мүмкүнчүлүктөр бар. Быйыл Кудайдын кулагы сүйүнсүн, тоо туризмине өзгөчө көңүл бөлүнө баштады. Жакынкы эле күндөрү мамлекет башчыбыз тоо жаныбары ак илбирсти Кыргызстанда улуттук символ катары таанылуусу боюнча жарлык чыгарды. Муну жакшы жаңылык катары сыпаттайлы. Кыргызстанда жылдын төрт мезгилинде тоолордун кулпуруп, өзгөрүп турушу, тоо жаратылышынын тазалыгы, элибиздин меймандостугу жана чокуларыбыздын бийиктиги, тоо арасында жайгашкан көлдөрүбүздүн сулуулугу, тоо өсүмдүктөрү, тоо жаныбарлары туризмди өнүктүрүүгө негиз боло алат. Чет элдик туристтер деле керемет көлдөргө, тоолорубузга кызыгып келет. Эң негизгиси, ар бирибиз аларга урмат-сый менен мамиле кылганды үйрөнсөк, бул тармак улуттун, мамлекеттин аброюн даңазалап, экономикабыздын өнүгүшүнө шарт түзөт.


Мамытбай Салымбеков:

- Кыргыздын туристтер суктана турган кооз, жапайы жерлери абдан көп. Көчмө бозүйдөн баардык шарты бар шаарча жасап, интуристтерди кабыл алсак сонун болмок. Туризм аркылуу жумуш орундарын түзүп, экономиканы да жогорулатсак болот. 


Чыңгыз Ажибаев, Жогорку Кеңештин депутаты:

Өлкөдө анча-мынча лыжа базалары курулганы менен тоо туризми анча өнүгө элек. Себеби, тоо туризмин өнүктүрүүгө дагы көптөгөн каражат керектелет. Ошондой болсо да өлкө башчысы өзү баш болуп лыжа тээп, ак илбирсти символ кылган жарлык чыгарып, аталган тармакты өнүктүрүүгө бел байлап жатат. Буюрса, жакынкы жылдары тоо туризми да өнүгүп, жолго салынып калар. Ага чейин ар бир аймактын, облустун, шаарлардын, райондордун борборлорунда келген туристтерге ыңгайлуу шарттарды түзүшүбүз керек. Жөнөкөй тил менен айтканда, туристтерге шарт түзүүнү Ош–Бишкек, Ош–Рззаков трассасынын боюнда ажатканаларды куруудан башташ керек. Андан кийин тоо койнундагы туризмди өнүктүрүү үчүн акчасын инвестиция кылууга кызыкдар ишкерлерге кепилдик берип, туристтерге ыңгайлуу шарттарды түзүп, тоо шартына ылайыктуу имараттарды курдурушубуз зарыл. Дээрлик шарт түзүлсө, кышкы да, жайкы дагы туризм өнүкмөк. Лейлек, Сүлүктүгө да лыжа тебүүчү базалар ачылса, ал жакка да туристтер тартылат эле. Эл арасынан да лыжа тебүүгө кызыккандар көбөймөк. 


Таалайбек Масабиров, Жогорку Кеңештин депутаты:

- Экологияны булгабай, Кыргызстан туризм менен эле өнүгүп кете турган жердебиз. Ар бир облуста туристтерди кызыктыра турган кооз жерлер, капчыгайлар, шаркыратмалар бар. Туризмди өнүктүрсөк экономика да өнүкмөк. Акыркы жылдары чет мамлекеттеги жарандар биздин жаратылышка, токойлорго, аска-зоолуу жерлерге суктануу менен карап, көп келе башташты. Туристтерди тартыш үчүн алгач шарт түзүшүбүз керек. Себеби, алар жатаканасы жайында болгон жерлерге көбүрөөк маани беришет экен. Бир сапар Арсланбаптын шаркыратмасынан Чехия менен Австралиядан келген 4 туристке жолугуп калдым. Алар жыл сайын Кыргызстанга келерин, биздин мамлекеттин жайы да, кышы дагы туристтерди өзүнө тартарын, шарт түзүлсө көп эс алуучуларды ээрчитип келишерин айтышты. Кыргызстандын табигатына кызыгышканы менен көпчүлүгү туристтерге түзүлгөн шарттардын жоктугунан келе бербесине токтолушту. Жок эле дегенде шарты бар жыгач үйлөрдү куруп койсок, алар топ-тобу менен келе беришмек. Жыгач үйлөр курулган капчыгайларга Европадан эс алуучулар келе башташты го. Чет өлкөлүк байларды, ишкерлерди тартып, анан алардын коопсуздугуна да маани берсек, Кыргызстан туризм менен эле өнүгүп кетет. 


Анүчүн ар бирибиз конокторго туура мамиле кылып, кайсы районго, облуска келбесин жергиликтүү милициялар алардын коопсуздугун камсыздаса, Кыргызстанда бул тармак өнүгүп, мамлекетибиз байыйт. Анткени, туристтер Кыргызстанда адам буту баспаган жерлерге, мөмө-жемиштерибизге, сууларыбызга суктанышат. 

Булак: "Азия Ньюс" гезити


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн