Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 11:49
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Президент апрелде Венгрияга барат

19.02.2020 16:38
650
Президент апрелде Венгрияга барат


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-февралда Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийяртону кабыл алды. Анда өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана келечеги талкууланды.


Мамлекет башчысы акыркы жылдары кыргыз-венгер мамилелеринин жигердүү өнүгүшү байкалып жаткандыгын канааттануу менен белгилеп, ага 2018-жылдын сентябрында Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын Кыргызстанга биринчи расмий иш сапары менен келишин мисал келтирди.


Венгрия менен кызматташууну арбытуу Европа бирлигинин (ЕБ) институттары менен кызматташууну бекемдөөгө өбөлгө түзөөрүн баса белгиледи.


Президент Сооронбай Жээнбеков бардык артыкчылыктуу багыттарда, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестиция жаатындагы багыттарда Венгрия менен жемиштүү кызматташууга даярдыгын билдирди. Венгрия элчилигин Кыргызстанда ачуу достук мамилелерди жана биргеликте аракеттенүүнү бекемдөөгө көмөктөшөрүн кошумчалады.


Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто венгер тарап Борбордук Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан менен мамилелерди өнүктүрүүгө артыкчылыктуу маани берерин билдирди. Венгрияда 2020-жылдын апрель айында Кыргыз Республикасынын президентинин расмий иш сапары чыдамсыздык менен күтүлүп жаткандыгын баса белгиледи.


Петер Сийярто бул күтүлүп жаткан иш сапар эки жактуу мамилелерди стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине алып чыгууга өбөлгө боло тургандыгын ишенимдүү айтты. Анын билдиришинче, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте Кыргыз Республикасынын президентинин Венгрияга боло турган иш сапарынын жүрүшүндө кол коюлуучу эки тараптуу документтерди иштеп чыгуу иштери жүргүзүлүүдө.


Петер Сийярто аны менен бирге келген делегациянын курамында инвестициялык кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн иликтеп чыгуу үчүн 30дан ашуун ири компаниянын өкүлдөрү бар экенин маалымдады. Венгер компанияларынын кыргызстандык рынокко болгон кызыгуусу өлкөнүн ачыктыгынын белгиси экенин кошумчалады.


Мындан сырткары, ал Венгрия салык тармагын реформалоо, инвестициялык кызматташууну жакшыртуу жана экспорттук дараметти кеңейтүү боюнча Кыргызстандын мамлекеттик кызматкерлерин кабыл алып, окутууга даяр экенине токтолду. Ошондой эле Кыргызстандын студенттери үчүн Венгриянын жогорку окуу жайларынан билим алууга квоталарды көбөйтүүгө да даярдыгын белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн