Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:19
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Президент ата-энесинен ажыраган 20 балага белек тапшырды, 5 баланы өзү кабыл алат (фото)

01.06.2020 12:32
1530
Президент ата-энесинен ажыраган 20 балага белек тапшырды, 5 баланы өзү кабыл алат (фото)


Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата президент Сооронбай Жээнбековдун атынан бардык аймактардан Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Мээрим» теледолбооруна катышкан, ата-энесинен ажыраган жыйырма балага эстеликке белектер тапшырылды.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчысынын атынан ноутбук түрүндөгү белектерди өлкө региондорунун жетекчилери тапшырышты.

«Мээрим» теледолбоорунун дагы беш катышуучусуна белектерди Сооронбай Жээнбеков өзү тапшырат, алар бүгүн мамлекет башчысы менен жолугушууга чакырылган.

Эске салсак, президенттин «2020-жылды Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо» жылы деп жарыялоо тууралуу Жарлыгы менен жетим балдарды, ата-энелеринин камкордугусуз калган балдарды, оор турмуштук абалда калган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды социалдык жактан коргоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу милдети катары аныкталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн