Бугу 13, 2024
Убакыт: 00:43
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Президент балдар менен «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында сейилдеди (фоторепортаж)

01.06.2020 16:43
1304
Президент балдар менен «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында сейилдеди (фоторепортаж)


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-июнда Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө «Мээрим» теледолбооруна катышкан - ата-энелеринен ажыраган балдар менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы менен жолугушууга 12 жаштагы Актан Жумабеков, 15 жаштагы Бүбүрахима Абсатар кызы, 11 жаштагы Диана Аманкожоева, 13 жаштагы Эрбол Мансуров жана 12 жаштагы Ыйманбай Куштарбеков катышты.

Президент жолугушуунун катышуучуларын Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады.

Жолугушуу жылуу маанайда өттү. Балдар президенттин бала кездеги кыялдары менен каалоолору жөнүндө өздөрүн кызыктырган суроолорун беришип, өз пландары, кызыккан кесиптери тууралуу айтып беришти.

Мамлекет башчысынын балдар үйлөрүндө, интернаттарда тарбияланып жаткан балдардын тагдыры боюнча пикирине кызыгышты.

Ошондой эле алар президенттин күнүмдүк ишинде туш болгон көйгөйлөр менен алдыга коюлган милдеттерине кызыгып, суроолорду беришти.

Сооронбай Жээнбеков өзүнүн жумушу жана ошондой эле жакындары жөнүндө айтып берди.

Президент балдарды коргоо жана колдоо, өлкөнү санариптештирүү боюнча мамлекеттик саясатка токтолду.

Балдарга заманбап санарип технологияларды терең өздөштүрүүнү каалап, ошол эле убакта китеп окууну да унутпоого чакырды.

Мамлекет башчысы балдарга бекем ден соолук, бактылуу жашоо, бакубат турмуш жана окууларына ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун катышуучулары президенттин колунан белек катары ноутбуктарды алышты. Балдардын арасынан Актан Жумабеков карапачылык искусство менен алектенерин айтып, Сооронбай Жээнбековго өз колу менен жасаган илбирс түрүндөгү акча салып коюучу кутуну белек кылды.

Жолугушуунун катышуучулары мамлекет башчысы менен биргеликте «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынын аймагында сейилдешти.

Президент балдарга мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралар жана расмий жолугушуулар өтчү жерлер тууралуу айтып берди.

Эске салсак, президенттин 2019-жылдын декабрь айындагы жыйынтыктоочу пресс-конференциясында «Мээрим» теледолбоорунун авторунан мамлекет башчысына теледолбоордун катышуучулары менен жолугушуусу боюнча сунуш түшкөн. Белгиленгендей, «Мээрим» теледолбоору ата-энесинен ажыраган балдардын таржымалын көрсөтүп, аларга жардам берүүгө даяр адамдарды издөө жолу менен жардам берип келет.

Бүгүнкү жолугушууга буга чейин президент менен жолугушууну каалаган долбоордун катышуучулары чакырылган.

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Калыгулов Автандил
Мейли 3-4 же мейли 100 бала менен жолугушуп селфи кылыптыр калган балдарчы Тажикстанга, Узбекистан, Казахстанга жерлерин кетип жатат ,Россияда калган чет олкодо элин журот Аракет кылса кучту каманда чогултмак ,Атамбайдын командасы менен журбой
Парманова Мухават Садыковна
Балдарга дем бериптир азамат.