Бугу 02, 2024
Убакыт: 01:40
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Президент баштаган чиновниктер келип колдоду. Кыргызстан хоккей боюнча акыркы оюнда жеңип, III дивизионго чыкты

08.03.2022 22:09
1431
Президент баштаган чиновниктер келип колдоду. Кыргызстан хоккей боюнча акыркы оюнда жеңип, III дивизионго чыкты

Бүгүн, 8-мартта Кыргызстандын хоккейчилери 4-дивизиондун алкагында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында Кувейт курама командасы менен беттешти.


Оюн жыйынтыгында Кыргызстан Кувейтти 14:0 эсебинде жеңди.

Беттешке президент Садыр Жапаров, биринчи айым Айгүл Жапарова, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров, Маданият министри Азамат Жаманкулов жана башка аткаминерлер келип улуттук курама команданы сүрөп турду.


Кыргызстан биринчи беттешинде Иранды 13: 2 эсебинде утса, 2-беттеште Малайзияны 22:1 эсебинде, 3-беттешинде Сингапур командасын 15:0 эсебинде жеңди.


Турнир жыйынтыгында Кыргызстандын хоккейчиси Чувалов "мыкты оюнчу" наамын утту.


Хоккей боюнча 4-дивизиондун дүйнөлүк чемпионаты жыйынтыкталып, Кыргызстан 3-дивизионго чыкты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн