Бугу 19, 2024
Убакыт: 13:47
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Президент бет капсыз сүрөткө түшкөн өкмөт мүчөлөрүнө айып пул салууну талап кылды

19.06.2020 15:01
1772
Президент бет капсыз сүрөткө түшкөн өкмөт мүчөлөрүнө айып пул салууну талап кылды


Өкмөт мүчөлөрү топтошуп, социалдык дистанцияны сактабай, бет капсыз сүрөткө түшүштү. Бул сүрөт бүт өлкөгө тарады. Мындай нерселер аракеттерибиздин баарын жокко чыгарат, деп билдирди мамлекет башчысы президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-июнда чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында.

Бул жагдайды президент өкүнүү менен белгилеп, медиктердин талаптарын бузгандарга айып пул салууну талап кылды.

«Бул чаралар Өкмөт Аппаратынын катардагы кызматкерлерине карата колдонулбашы керек. Алар менимче, башчыларынын буйругу боюнча чыгышкан. Баарыңар айып пул төлөшүңөр керек», - деп баса белгиледи мамлекет башчысы Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынына катышкан өкмөт мүчөлөрүнө кайрылып жатып.

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн