Бугу 16, 2024
Убакыт: 22:08
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Президент бир катар медкызматкерлерди мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлады

03.07.2020 15:33
1140
Президент бир катар медкызматкерлерди мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлады


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-июлда өлкөнүн бир катар медициналык кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, коронавирустук инфекцияга (COVID-19) каршы күрөшүүгө, калктын саламаттыгын сактоого жана санитардык-эпидемиологиялык бакубаттуулукту камсыз кылууга салым кошкондугу үчүн, ошондой эле медициналык кызматкеринин күнүнө байланыштуу III даражадагы «Манас» ордени менен: Аалиев Гулжигит Кенжекараевич - Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын башкы врачы жана Марипов Асамидин - Ош облусунун Ноокат аймактык ооруканасынын директору сыйланат.

«Даңк» медалы менен: Джумаканова Айгуль Бейшебаевна - Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин Лабораториялык сыноолор борборунун башчысы, Кабылова Бегим Доолотовна - Чүй облусунун Москва районунун аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн улук медайымы жана Мадраимова Гулийпа Гапыровна - Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын гепатология бөлүмүнүн медайымы сыйланды.

Ал эми «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы» деген ардактуу наамы 17 дарыгер сыйланса, КР Ардак грамотасы 19 дарыгерге ыйгарылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн