Бугу 18, 2024
Убакыт: 13:21
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Президент болом деген да, президент болгон инсан да кошоматчыларды жанына жолотпошу керек

24.12.2020 10:21
1310
Президент болом деген да, президент болгон инсан да кошоматчыларды жанына жолотпошу керек


Биз Совет доорунда төрөлүп, билим алып иштедик. Компартия идеологияга терең көңүл буруп, жаштарга тарбия-таалимди катуу берчи. Ал эми жаштар, өз ден соолугуна көңүл буруу менен, ар бири кесибин туура тандап ак эмгек өтөөр эле. Кошоматчылык эмне экенин билбейт элек.

Аттиң... Доор, бийлик алмашкан сайын жаштардын арасынан кошоматчылардын козу карындай көбөйүшү, эбегейсиз жайнап кеткени мени бир чети өкүндүрсө, экинчи чети жийиркентти...

Кыргыз эли кошоматчылыкты билбеген, улуттук намысын туу туткан, адамдык ариетине көлөкө түшүрбөгөн, уруусунун, атасынын атына жаман сөз тийдирбеген, сый-урматты билген, ата салтын ардактаган, үрп-адатын сактап, даңктап келген Манастын урпактары элек го... Кана ошол улуулук?

Жаштар, силерге кайрылып кетем, ачка, жумушу жок калсаң да кошоматчы болбо! Улуттук намысыңы тебелебе, анткени Сен кыргызсың...

Кошоматчы - ал улуттун, мамлекеттин чыккынчысы. Кошоматчыларды бир да Президент болом деген да, Президент болгон инсан да жанына жолотпош керек, себеби Президент - мамлекеттин башчысы...

Кошоматчылардын тегерегинде калган Президент эч качан Өлкөсүн алдыга сүйрөй албайт, ага биз күбө болдук.

Кошоматчы болбо, анткени сен кыргызсың...

Жылдыз Джолдошова, КР ЖК экс-депутаты

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Ташкул.
Жылдыз эже депутат кезинде спикер А.Жээнбеков: мына азыр сизге сөз берем-депжелпилдеп турчу.А Текебаев болсо өң-алеттен кетип турчу.Бул болгон кашкайган чындык.
Таа
Садырга айтылыптыр.Бут кошомачылар айлаып журот тегерегинде