Бугу 20, 2024
Убакыт: 10:03
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Президент бюджеттин чыгымдарын үнөмдөөгө чакырды

16.03.2020 16:34
820
Президент бюджеттин чыгымдарын үнөмдөөгө чакырды


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-мартта каржы министри Бактыгүл Жеенбаеваны кабыл алды, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.


Коңшу өлкөлөрдө жана дүйнө жүзүндө коронавирустун жайылышына байланыштуу кырдаалдын өңүтүндө республикалык бюджеттин аткарылышындагы бүгүнкү жагдай жана бюджеттик каражаттарды үнөмдөө чаралары талкууланды.


Каржы министри күтүлгөн тобокелчиликтерди эске алуу менен, божомолдор боюнча үстүбүздөгү жылы республикалык бюджеттин аткарылышы мурда бекитилген пландан 85 пайыздын тегерегин түзүшү мүмкүндүгүн билдирди. Үстүбүздөгү жылдын январь–февраль айларынын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджетти аткаруу 96 пайызды түзгөндүгүн маалымдады.


Бактыгүл Жеенбаева белгилегендей, Коопсуздук кеңешинин акыркы жыйынынан кийин бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн мүмкүн болгон бардык варианттары караштырылууда. Чыгашалар боюнча план биринчи кезектеги иш-чаралардын артыкчылыктарын эске алуу менен түзөтүлгөндүгүн айтты.


Бардык мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кырдаал турукташканга чейин артыкчылык берилбеген чыгашаларды кыскартуунун эсебинен бюджеттик каражаттарды үнөмдөө жана натыйжалуу пайдалануу боюнча чараларды көрүү сунуштамалары берилди.


Мамлекет башчысы өлкө дүйнөдө коронавирустун жайылып жаткандыгына байланыштуу коркунучтар менен чакырыктарга даяр болушу керектигин дагы бир жолу баса белгиледи. Кырдаал региондо жана дүйнө жүзүндө турукташканга чейин республикалык бюджеттин чыгымдарын үнөмдөө режимине өтүү зарылдыгына токтолду.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн