Бугу 02, 2024
Убакыт: 04:11
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Президент чет өлкөдө алдыңкы компанияда иштеген кыргыз жарандарын өлкөгө кайтарып келүү ниетин билдирди

25.11.2022 15:07
493
Президент чет өлкөдө алдыңкы компанияда иштеген кыргыз жарандарын өлкөгө кайтарып келүү ниетин билдирди

«Биз өз өлкөсү үчүн эмгектене турган, дүйнөлүк рынокто атаандаштык жарата алган күчтүү программисттерди даярдоо боюнча жаңы улуттук программаны кабыл алуунун алдында турабыз», — деп белгиледи Кыргыз Респукбликасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-ноябрда, Биринчи Элдик Курултайда сүйлөгөн сөзүндө.


Мамлекет башчысы жакынкы жылдары миңдеген программисттерди даярдап чыгарууга жетишсек, бүгүнкү күндө сыртта иштеп жүргөн мекендештердин өлкөгө которгон каражаттарынан да көп киреше кирерине жол ачыларын белгиледи.


«Муну менен катар дүйнөнүн булуң-бурчунда санарип жана нанотехнология жаатындагы атактуу компанияларда иштеген эр-азаматтарыбыздын өз Ата Мекенине пайда келтирсем деген ой-максаттарынын ишке ашуусуна шарт түзүп, көмөк көрсөтсөк, өз өлкөсүндө иштөөгө өбөлгө болуп берсек деген да планыбыз бар.


Эгемендүүлүк жылдарында билим берүү жаатында да олуттуу кемчиликтер кетирилгенин жакшы билебиз. Чынында өлкөбүздүн бүгүнкүсүнө да, келечекте өнүгүшүнө да билим берүү, илим тармагынын маанилүү роль ойнооруна тиешелүү көңүл бура албай келгенбиз.

Соңку эл аралык иликтөөлөр боюнча Кыргызстандын орто мектептериндеги билим берүүнүн сапаты абдан төмөндөп кеткенин аныкташкан. Мунун бир канча орчундуу себептери бар. Анын башкы себеби мугалимдердин макамынын болуп көрбөгөндөй төмөндөп кетишинде. Анткени мыкты, билимдүү мугалим гана окуучуларга мыкты билим берет. Эгер биз мугалимдерге жогорку айлык маяна чектөө менен аларга болгон мамилени өзгөртпөсөк, анда өз ишин мыкты билген адистер мугалимдикке барышпайт», деп белгиледи Садыр Жапаров.


Президент билим берүүнүн стандарттары кайрадан каралып чыкканын эске салды. Жарлыктын негизинде мектеп директорлорун ротациялоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп, жакшы натыйжаларын бере баштады.


Каржы булактары табылып, мугалимдердин эмгек акылары эселеп көтөрүлдү.


«Мектептерде мугалим болуп иштөөнү каалагандар көбөйүп, мугалимдер эми жигердүү иштей башташты. Мугалимдерге болгон мамиле дагы күчөтүлөт.

Кезекте мектептердин окуу программаларын дүйнөлүк стандарттарга чыгаруу менен тиешелүү окуу куралдарын жаңыртуу, билим берүү тармагын толук компьютерлер менен камсыз кылууну колго алдык», — деп кошумчалады Президент Садыр Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн