Бугу 17, 2024
Убакыт: 13:02
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Президент экономикалык коопсуздукту минималдаштыруу чаралары менен таанышты

10.03.2020 09:18
790
Президент экономикалык коопсуздукту минималдаштыруу чаралары менен таанышты


Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 9-мартта вице-премьер-министр Эркин Асрандиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.


Жолугушууга Президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев жана саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев катышты.


Коронавирустун жайылышы боюнча кырдаалга байланыштуу экономикалык коопсуздукка болгон терс кесепеттерди, тобокелчиликтерди жана коркунучтарды минималдаштыруу боюнча чаралар талкууланды.


Э. Асрандиев Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык, 3-марттан тарта тышкы таасирлердин кесепеттерин минималдаштырууга жана экономикалык өнүгүүнү өбөлгөлөөгө багытталган экономикалык иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча республикалык штаб түзүлгөндүгүн маалымдады.


Базарлардагы кырдаалга көз салуу, атамекендик өндүрүшчүлөрдү, жүк ташуучуларды, негизги жеткирип берүүчүлөр менен импортерлорду колдоо боюнча чаралар камтылган биринчи кезектеги иш-чаралар планы иштелип чыкканы белгиленди.


Эркин Асрандиев жер-жерлердеги реалдуу кырдаалга көзөмөл жүргүзүү үчүн райондук деңгээлде ушундай эле штабдарды түзүү чечими кабыл алынгандыгын баса белгиледи.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн