Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 06:53
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Президент ыктыярчылар менен жолукту: Эркин Рыскулбековдун өлкө башчыга айткан сөзү

21.07.2020 14:14
1770
Президент ыктыярчылар менен жолукту: Эркин Рыскулбековдун өлкө башчыга айткан сөзү


Президент Сооронбай Жээнбеков ыктыярчылар кыймылынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. 


Бүгүн, 21-июлда Ак үйдө өткөн жолугушууга коронавирус инфекциясы менен күрөшүү иштерине көмөктөшүп жаткан ыктыярчылардын тобу чакырылган. 


Алардын бири теле алып баруучу жана жарандык активист Эркин Рыскулбеков жаңы гана Ак үйдөгү жолугушуудан чыкканын жана сүйлөшүү тууралуу бир аздан соң маалымат берерин билдирди. 


Ошондой эле, ал эркиндикти сүйгөн, чынчыл, элдин келечегин ойлогон жаштар менен сыймыктанарын айтып, президенттен «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү» мыйзам долбооруна вето коюуну өтүнгөнүн айтты. 


Ал президент Сооронбай Жээнбековго: "Эпидемия биздин жакындарыбызды алып кетип жатат, пандемия бизди жумушсуз калтырды, карантин бизди ээн-эркин жүрүүбүзгө чектөө койду. Бизди сөз эркиндигинен ажыратпагыла. «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү» мыйзам долбооруна вето коюуңуз", деп айтканын Твиттердеги баракчасына жазды. 


Буга чейин маалымдалгандай, Бишкек шаарында «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү» мыйзамдын кабыл алынышына каршы "#REАКЦИЯ 3.0" аттуу акциясы өтүп, анын жыйынтыгында жарандык активисттер Сооронбай Жээнбековдон мыйзам долбооруна вето коюууну талап кылып,  ага кат жолдошкон. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн