Бугу 14, 2024
Убакыт: 17:13
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Бишкекте сөз эркиндигине арналган жүрүш аяктады. Кандай талаптар коюлду? (видео, сүрөт)

29.06.2020 14:55
905
Бишкекте сөз эркиндигине арналган жүрүш аяктады. Кандай талаптар коюлду? (видео, сүрөт)


Бишкек шаарында «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү» мыйзамдын кабыл алынышына каршы "#REАКЦИЯ 3.0" аттуу акция жыйынтыкталып, катышуучулар бир нече талаптарды коюшту. 


Жарандык активисттер президент Сооронбай Жээнбековдон мыйзам долбооруна вето коюууну талап кылып, президентке жолдоно турган кайрылууга кол коюшту.  Ошондой эле, алар аталган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Гүлшат Асылбаевадан мандатын тапшырышын талап кылышты. 


Акцияга болжол менен 1000ден ашык адам катышты. Алар "Биз фейк эмеспиз", "Гүлшат мандатынды тапшыр", "Баш кесмек бар, тил кесмек жок", "Эркиндик" деген жазуулары бар плакаттар менен чыгышкан. 


Жогорку Кеңеш 25-июнда «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү» мыйзамдын долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алган. Демилгечилер — депутаттар Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова.


Бул мыйзам долбоорун кабыл алууга 79 депутат макул болсо, 10 депутат каршы добуш берген. 


Аталган мыйзам долбоору жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин укуктары менен эркиндиктерин, аларды интернет мейкиндигинде жайылтылып жаткан жалган же анык эмес маалыматтардан коргоону камсыздоого багытталган.






Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн