Бугу 05, 2024
Убакыт: 23:23
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Президент илдеттин туу чокусуна качан чыгарын аныктап, терең талдоо жүргүзүүнү тапшырды

27.07.2020 17:48
436
Президент илдеттин туу чокусуна качан чыгарын аныктап, терең талдоо жүргүзүүнү тапшырды


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов менен онлайн-кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Анда өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык кырдаал, коронавирус инфекциясынын жайылышын болтурбоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

Премьер-министр Кубатбек Боронов адистер тарабынан эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен дарылоонун жаңы протоколу иштелип чыгып жатканын билдирди. Ошондой эле жергиликтүү медиктерге жандандыруу иш-чараларын жүргүзүүнүн заманбап ыкмаларын окутуп жаткан россиялык адистер илдеттин күчөп кетишине каршы күрөшүүдө чоң жардам берип жатышат.

Өлкөнүн ар бир облусуна компьютердик томография жабдуусун орнотуу иштери жүрүп жатат, азыркы учурда мындай жабдуулар Бишкек менен Ош шаарында гана бар.

Ошону менен бирге Кубатбек Боронов күз-кыш мезгилине даярдыктардын жүрүшү, калкты дары-дармек менен камсыздоо, медицина кызматкерлеринин керектөөлөрүн канааттандыруу жана башка маселелер боюнча маалымат берди.

Кубатбек Боронов күндүзгү стационарларга барып, Ош шаарындагы жаңы жугуштуу оорулар ооруканасынын имаратынын пайдубалын түптөөгө катышкан Ош облусуна болгон иш сапарынын жыйынтыгы тууралуу маалымат берди. Ал жаңы ооруканаларды кыска убакыттын ичинде бүткөрүүгө бардык күч-аракеттер жумашаларын кошумчалады.

Премьер-министр Ош облусунда коронавирус инфекциясын жаңы жуктуруп алгандардын жана күндүзгү стационарларга кайрылгандардын динамикасы төмөндөп баратканы байкалганын белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков илдеттин туу чокусуна качан чыгарын аныктоо, кырдаалдын өнүгүшүн божомолдоо, тиешелүү чараларды көрүү боюнча терең талдоо жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн