Теке 03, 2024
Убакыт: 08:34
USD
86.10
87.00
EUR
92.20
93.20
RUB
0.960
1.010

Президент ишине жаңы киришкен өкмөт мүчөлөрүнө негизги 3 тапшырманы койду

30.06.2020 10:47
1847
Президент ишине жаңы киришкен өкмөт мүчөлөрүнө негизги 3 тапшырманы койду


Бүгүн, 30-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште өкмөт мүчөлөрүнүн берген антын кабыл алып, андан соң сөз сүйлөдү.

Президент жооптуу милдетти алышкан жаңы өкмөт мүчөлөрүнүн иштерине ийгилик каалап, берген антын так аткарараарына, өлкө үчүн жан үрөп иштеп берерине ишенээрин айтты.

Сиздер оор кырдаалда жана өтө жооптуу мезгилде ишке киришип жатасыздар. Учурдагы кырдаалды тез арада оңдой турган мезгил. Азыр сиздердин ишиңиздер сыноо учурунда турат жана алдыңыздарда 3 негизги милдет турат: илдетти ооздуктоо жана кесепеттерин жоюу, экономикалык абалды калыбына келтирүү жана парламенттик шайлооу ачык, таза өткөрүү”, - деп белгиледи президент.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн