Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 09:30
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Президент калкты коронавируска каршы эмдөөнү баштоону тапшырды

12.02.2021 09:14
507
Президент калкты коронавируска каршы эмдөөнү баштоону тапшырды

Өзбекстан президенти Шавкат Миризиёев 10-февралда өткөн видеоселектордук жыйын учурунда калкты коронавируска каршы жапырт эмдөөнү баштоону тапшырды. Бул тууралуу "Кабар" агенттиги жазды.

Мирзиёев бир ай аралыгында эмдөөдөн өтө турган калктын электрондук тизмесин түзүүгө буйрук берди. Азырынча Өзбекстанга вакцина кайсы өлкөдөн жана канча даана келери белгисиз.

Коомдук саламаттык жана санитардык-эпидемиологиялык кызматтын башчысынын орун басары Ботыр Курбанов коронавируска каршы вакцина быйыл март айында келерин айтты. Биринчи кезекте жашы 85ен жогору, андан кийин 75-84, кийинки этапта 65-75 жаштагылар эмдөөдөн өтүшөт.

Аткаминер 2021-жылдын аягына чейин эмдөө 7 миллион кишиге же калктын 20% жасаларын кошумчалады.

Өзбекстанда учурда кытайлык ZF2001 вакцинасынын клиникалык сыноосунун 3-фазасы өткөрүлүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн