Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 21:06
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Президент кыргыз эли - мамлекеттин ээси экенин айтып, аракетин кылып жатат

02.08.2021 16:07
1413
Президент кыргыз эли - мамлекеттин ээси экенин айтып, аракетин кылып жатат


Тарыхты ташка каттаган,

Тартышкан жоодон качпаган

Жазуусун, тилин, Манасын

Жазбастан башка сактаган!


“Кыргыз ким эле, ким болду, ким болушу керек? - деген ойду айталган ажо келди. 30 жыл үстөккө-босток “эксперимент” кылып  улам бир жолду таңуулап келишти эле. Дүйнөлүк тарыхта өкүм сүргөн 18 империянын бири болгон эл болсок, эми чындап өз башыбызды бириктиргенге ынтымакка күн келди.


Ак мөңгүлүү Ала-Тоо – Жер кимдики? Ак калпакчан, меймандос эл кимдики? Кыргыз паспортун көтөргөн ар бир инсан тагдырыңды, балдарыңдын келечегин, элим, жерим деген атуулдук парз менен гүлдөтүүгө салым кошо аласың. Ар бирибиз үн кошолу, багытыбыз бир, боордошумсуң! Эртең капсалаң чыкса, качып кетпе, мекенди, жерди чогуу коргойлу. Тар ойлонбойлу. “Таза коомду колу таза, дили таза адамдар курат!” - шайлоо сайын ким утуп, ким бозала болоорун алдын ала айткан эл турат. Садыр Нургожоевич дагы көп жылдык көөнө көкүрөгүндөгүнү алдыңызга жайып турат, ардактуу замандаш!


Улутту байкатпай басмырлаган жалган жана жараксыз идеялардан арылталы. Элдин эмгегин жегендер эмес, баккандар башкарсын деп “негисиз эч кимге асылбаган, кошоматчылыгы жок адамдар” бул тирүүчүлүктө таза жашоонун үлгүсү болгон инсандар, айланайындар, Элим-Журтум, Манас деп жашаган, адамкерчилиги, абийири, намыскөйлүгү бар Президентибизди колдоп, оңолуунун жолуна түшөлү.


“Кимдин жерин жердесең, ошонун ырын ырда” дейт кыргызда. Кыргызстанда жашаган каны бөлөк жердешим, замандашым! Сен да сыйла!


Бүгүнкү күнү миллиондон ашык кыргыз тентип жүрөт. Алар негизинен 25-60 жаштын ортосундагылар. Канча балдар багылбай жатат? Канча кыздарыбыз азап-тозок тартып жатат? Эмне үчүн биз өзүнчө мамлекет болуп туруп,  кайда барарыбызды аныктап алганга моюнубуз жар бербей келет?  


Ошону ойлонгон Президентти колдогондун оордуна, колунан кокон тыйын келбегени да сындап, сөгүп атканын окуп сай сөөгүм сыздап кетет.


Мамлекетте бир гана улут бар, ал – кыргыз. Орустар, өзбектер, чечен, татар, корей ж.б. калк. Кыргыздар мамлекеттин тагдырына жооп берет.  Кыргызстандагы жалпы элдердин саясый абалына, маданиятына, билимине жооп бере турган кыргыз эли болоорун Президент билип айтат. Кыргыз эли – мамлекеттин ээси экенин айтып, аракетин кылып атат. Колдоого чакырам, замандаш!!!


"Адам жолду эмес, жол адамды түзөйт", - дептир чыгыш акылманы Конфуций. Жолубузду ондош ар бирибиздин колубузда. Күч бирдикте!!!


Медетбек Букуев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн