Бугу 14, 2024
Убакыт: 20:37
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Президент кыргызстандыктарды шайлоого активдүү катышууга чакырды

28.11.2021 09:35
545
Президент кыргызстандыктарды шайлоого активдүү катышууга чакырды



Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берди. Бул тууралуу президенттин Администрациясынын маалымат саясат бөлүмү билдирди.


Мамлекет башчысы Бишкек шаарындагы № 1053 шайлоо тилкесинде добуш берди.


Добуш берүү процедурасы аяктагандан кийин Садыр Жапаров өлкө жарандарын парламенттик шайлоого активдүү катышуу менен атуулдук милдетин аткарууга чакырды.


«Ар бириңиздердин добушуңуздардан Кыргызстандын, анын ичинде өзүңүздөрдүн, балдарыңыздардын келечеги аныкталат», — деп кайрылды Президент Садыр Жапаров өлкө жарандарына.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн