Бугу 02, 2024
Убакыт: 19:00
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Президент кол койду. Мындан ары Венгрияга автомобилдик транспорт аркылуу жүк ташыса болот

24.01.2023 12:58
249
Президент кол койду. Мындан ары Венгрияга автомобилдик транспорт аркылуу жүк ташыса болот

Президент Садыр Жапаров “2021-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү эл аралык автомобилдик ташуулар жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” КР мыйзамына кол койду.


Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 14-декабрында кабыл алынган.


Мыйзам 2021-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү эл аралык автомобилдик ташуулар жөнүндө Макулдашууну ратификациялоону сунуштайт.


2021-жылдын 8-апрелинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү эл аралык автомобилдик ташуулар чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө Макулдашууга кол коюлган, бул ата мекендик автоташуучулар үчүн жагымдуу шарттарды түзөт жана эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди жакшылап өнүктүрүү үчүн Венгрияга жүк ташууну жана Европанын башка өлкөлөрүнө эл аралык транзиттик ташууну көбөйтөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн