Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз жарандыгын кабыл алуу жана андан чыгуучу 5 жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка таянсак, үч жарлыкка ылайык, Кыргыз жарандыгын 1338 адам кабыл алат (анын ичинен 1031 — чоң адамдар жана 307 — балдар), алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.
Ал эми, экинчи жарлыкка ылайык, 900 адам (анын ичинен 690 — чоң адамдар жана 210 — балдар) өлкө жарандыгынан чыгарылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн