Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 14:30
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Президент көп балалуу энелерди "Баатыр эне" ордени, "Эне даңкы" медалы менен сыйлоо жарлыгына кол койду

12.05.2021 17:03
1456
Президент көп балалуу энелерди "Баатыр эне" ордени, "Эне даңкы" медалы менен сыйлоо жарлыгына кол койду


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өлкөнүн көп балалуу энелерин «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы менен сыйлоо жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин Администрациясынын маалымат саясат бөлүмү билдирди.


«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 9 жана 12-беренелерине ылайык, жети жана андан көп баласы бар жана аларды жакшы тарбиялап жаткан 819 эне «Баатыр эне» ордени жана алты баласы бар жана аларды жакшы тарбиялап жаткан 516 эне "Эне даңкы" медалы менен сыйланышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн