Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:47
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Президент коронавирус кризисин талкуулаган эл аралык онлайн форумга катышат

28.05.2020 14:29
1192
Президент коронавирус кризисин талкуулаган эл аралык онлайн форумга катышат


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-майда Канада премьер-министри Жастин Трюдо, Ямайка премьер-министри Эндрю Холнесс жана БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериштин чакыруусу боюнча видеоконференция форматында өтө турган форумга катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Эл аралык форум «Коронавирус мезгилинде жана андан кийин өнүгүүнү каржылоо боюнча жогорку деңгээлдеги иш-чара» деп аталат.

Иш-чара чет мамлекеттердин башчыларынын, эл аралык уюмдардын, каржы институттарынын жетекчилеринин жана БУУнун Баш катчысы Антониу Гуттериштин катышуусунда видеоконференция форматында өтөт.

Форум БУУнун туруктуу өнүктүрүү максаттарын каржылоо боюнча Достук топторду негиздөөчүлөр катары Канада менен Ямайканын өкмөттөрү тарабынан уюштурулган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн