Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 04:34
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Президент коронавирустан каза болгон врачтын жакындарына көңүл айтты

04.06.2020 10:34
1012
Президент коронавирустан каза болгон врачтын жакындарына көңүл айтты

Президент Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Үй-бүлөлүк медицина борборунун врач-фтизиатры Альберт Исмаиловдун дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу анын туугандары менен жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

"Альберт Исмаиловдун коронавирустан каза болгондугу жөнүндө суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Тилекке каршы, коронавирус инфекциясынын пандемиясы мезгилинде экинчи медик каза болду. Өлкө аймагына илдет кирген биринчи күндөн тарта биздин дарыгерлерибиз жогорку патриоттуулукту көрсөтүү менен эпидемиологиялык кырдаалдын андан ары курчуп кетишине жол бербөө үчүн бардык күч-аракеттерин көрүп жатышат. Тилекке каршы, биз кызматтык милдеттерин аткарып жатып илдет жугузуп алган дарыгерибизди сактай албадык"- деп белгиледи мамлекет башчысы.

Сооронбай Жээнбеков Альберт Исмаиловдун көп жылдан бери медициналык милдетин ак дилинен аткарган, өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин элдин саламаттыгын коргоого калкан болуп берген өз ишине берилгендиктин өрнөгү болуп каларын баса белгиледи.

«Альберт Исмаиловдун элеси кесиптештеринин, бейтаптарынын жана жакындарынын эсинде түбөлүккө сакталат. Анын жакындарына, туугандарына жана балдарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана орду толгус оор жоготуу кайгысын тең бөлүшөм», — деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн